Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:15

ИИМ: Түркия Саймаитинин өлүмү тууралуу толук маалымат бере элек (видео)


Комиссиянын жыйыны. 2-июнь, 2020-жыл.
Комиссиянын жыйыны. 2-июнь, 2020-жыл.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги кытай жараны Айеркен Саймаитиге байланыштуу Түркияга эки тергөө тапшырмасын жөнөткөн, бирок түрк тарап азырынча расмий маалымат бере элек. Бул тууралуу бүгүн Саймаитинин иши боюнча депутаттык комиссиянын жыйынында Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын башчысы Сыргак Айткурманов билдирди.

ИИМдин өкүлү Кыргызстанда «Манас» аэропортунун жанындагы таксисттин өлүмүнүн Саймаитиге байланышы жок экени аныкталганын айтты.

«Түркия Кыргызстан талап кылган маалыматтарга жоопту толук берип жатабы?» деген суроого Айткурманов:

«Түркияга биз тергөөнү кызыктырган беш-алты маселе койгонбуз. Саймаитинин өлгөндүгү тууралуу маалымат берилди. Ал эми аны ким, кандай жагдайда өлтүргөнү, буйрукту ким бергени тууралуу толук материал берилген жок. 2005-жылы кол коюлган кызматташтык тууралуу келишимге ылайык, алар маалымат бербегенинин себебин түшүндүрүшү керек болчу. Бирок ушунча убакыт өттү, түшүндүрүшкөн жок. Ошондой эле аларда мамлекеттик кызыкчылык туудурган маселе боюнча бизге маалымат бербей коюуга укугу бар экен», - деп жооп берди.

Жогорку Кеңеш уйгур улутундагы кытай ишкери Айеркен Саймаити ишин иликтөө боюнча 2019-жылдын 21-ноябрында убактылуу депутаттык комиссия түзгөн. Ага парламенттеги алты фракциядан 12 депутат мүчө болуп кирген.

Комиссия Саймаитиге кол салууну, аны Кыргызстан менен байланыштырган жагдайларды, буга чейин Бишкек, Ош аэропортторунда каракталган миллиондогон каражаттардын чоо-жайын жана «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган, Кыргызстандан чыгарылган 700 миллион долларга катышын иликтеп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG