Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:52

Жалал-Абадда 78 миңден ашык түтүн медициналык текшерүүдөн өттү


Кыргызстанда COVID-19га каршы бейтап менен иштеп жаткан дарыгер.
Кыргызстанда COVID-19га каршы бейтап менен иштеп жаткан дарыгер.

Облус аймагында саламаттык сактоо кызматкерлеринен түзүлгөн атайын топтун жардамы менен өткөн айда 78 миңден ашык түтүндөгү 393 миңден ашык адам медициналык кароодон өттү. Мындай маалыматты өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов 2-июнда Жалал-Абаддагы онлайн брифинг учурунда билдирди. Өкмөт өкүлү медицина кызматкерлери элди үймө-үй кыдырып текшерип чыгышканын кошумчалады.

Ал эми санитардык дарыгерлер кирген топ ишкер чөйрөнү текшерип, санитардык талаптарды аткарбаган 327 ишкерге эскертүү берген. 263 ишкерге акты түзүлүп, 57сине айып салынган. Учурда да ишкерлерге санитардык талаптарды сактоо менен иштөө талаптары коюлуп жатат.

Жалал-Абад облусунда 169 адам илдетке кабылган, алардын 156сы толук айыгып чыкты. Учурда 103 адам обсервацияда жатса, көпчүлүгү чет жактан келген тургундар. (RsK)

XS
SM
MD
LG