Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:42

УКМК: Журналисттик иликтөөдө аты аталгандардын көбү акча ташууга тиешеси жок экенин айтышты


УКМКнын имараты.
УКМКнын имараты.

Кыргызстандан сыртка чыгарылган мыйзамсыз акча тууралуу журналисттик иликтөөдө аты аталган адамдардын көбү бул ишке тиешеси жок экенин айтышты. Бул тууралуу 2-июнда кытай жараны Айеркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтеш үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Тергөө башкармалыгынын башчысы Самидин уулу Сагынбек билдирди:

«Журналисттик иликтөөдө аты аталган сегиз адамды сурадык. Алардын көпчүлүгү курьер болуп иштегенин тастыктаган жок. Үч эле адам тастыктап берди. Бирөө 2019-жылы Түркияга беш миллион доллар алып чыккан экен. Ал «Мадина» базарынын соодагерлеринин акчасы деп көрсөтмө берди, декларация толтурулган экен. Дагы бир адам 2019-жылы Түркияга 246 миң доллар алып чыккан экен. Ал «Кара-Суу» базарынын соодагерлериники деди. Дагы бири 82 миң долларды ошол эле базардан деп көрсөтмө берди. Калгандары акча каражатын Түркияга жана башка мамлекеттерге алып чыкканын толугу менен четке кагышты».

УКМК: Журналисттерге акча берүү боюнча документ жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:05 0:00

Жогорку Кеңеш уйгур улутундагы кытай ишкери Айеркен Саймаитинин ишине байланыштуу 2019-жылдын 21-ноябрында убактылуу депутаттык комиссия түзгөн. Ага парламенттеги алты фракциядан 12 депутат мүчө болуп кирген.

Комиссия Саймаитинин киши колдуу болушун, аны Кыргызстан менен байланыштырган жагдайларды, буга чейин Бишкек, Ош аэропортторунда каракталган миллиондогон каражаттардын чоо-жайын жана «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган, Кыргызстандан чыгарылган 700 миллион долларга катышын иликтеп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG