Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:16

Карашев: Эки күбөнүн айтканы чындыкты аныктоо үчүн жетишсиз


Аалы Карашев.
Аалы Карашев.

Кытайдын жараны Айеркен Саймаитинин ишин иликтеген убактылуу депутаттык комиссиянын отурумунда көрсөтүлгөн эки күбөнүн видеокөрсөтмөсү аркылуу чындыкты аныктоого болбойт. Мындай пикирин комиссия мүчөсү, депутат Аалы Карашев "Азаттыкка" билдирди:

“Тергөө уланып жатат. Бүгүн күбөлөр видеокөрсөтмөдө аттарын атаган кишилерди да суроо зарылчылыгы бар. Алардын да сөзүн, көрсөтмөсүн угуп, ошондон кийин гана жыйынтык чыгарып, чындыкты айтууга болот”.

2-июнда кытай жараны Саймаитиге байланыштуу Жогорку Кеңеште түзүлгөн убактылуу комиссиянын отуруму өтүп, анда УКМКнын Тергөө башкармалыгынын башчысы Самидин уулу Сагынбек Кытайдын жараны Айеркен Саймаити «Азаттыктын» журналисттерине финансылык каражат берген деген көрсөтмөлөр болгонун билдирген. Кийинчерээк “Айеркен Саймаитинин “Азаттыктын” журналистине акча бергенин өзүнөн укканбыз” деген эки күбөнүн видеокөрсөтмөсү комиссиянын отурумунда көрсөтүлдү.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай муну «журналисттерди каралоо» деп баалады.

Эл аралык медианын президенти: «Бул айыптоо журналисттерге каршы өз байлыгын жана бийлигин сактап калууга умтулган коррупциялашкан адамдардын буга чейин жүрүп жаткан өнөктүгүнүн акыркы аракетиндей көрүнөт. Матраимов мырза журналист Али Токтакуновду жана «Азаттыктын» кыргыз кызматын сотко берип, былтыр декабрда кызматыбыздын банк эсеби камакка алынып, кийинчерээк кайра чыгарылган. Биз чындыкты бурмалаган мындай аракеттерди айыптап, кыргыз бийлигин иликтөөгө катышкан журналисттердин коопсуздугуна коркунуч келтиргендерди жоопкерчиликке тартууга үндөйбүз» деп айтты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG