Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:00

Сот якутиялык бакшыны ооруканага жаткырууну чечти


Александр Габышев
Александр Габышев

Якутиянын соту бакшы Александр Габышевди күчтөп псиохоневрологиялык ооруканага жаткыруу чечимин чыгарды. Маалыматты "Сибирь.Реалии" сайтына укук коргоочу Александр Прянишников бышыктады. Бакшы “Путинди кетирүү үчүн” Москвага жөнөгөн.

Габышев канча убакытка жаткырылары айтылган жок. Анын саламаттыгы тууралуу бүтүмдө “өзүн өтө жогору баалап”, “мыйзамдуу жол менен шайланган бийликти кулатууга чакырган” деп айтылган. Прянишников бакшынын акылындагы мандемдин далили катары бийликти кулатуу ниети гана белгиленгенин айтты.

Габышев 12-29-май күндөрү психиатрикалык стационарда күчкө салынып дарыланган. Адвокаттардын айтымында, медиктер ага белгисиз бир дарыларды беришкен.

Былтыр мартта бакшы “дубанын жардамы менен Путинди кууп чыгуу” үчүн Москвага сапар тарткан. 19-сентябрда жолдон кармалып Якутскидеги психоневрологиялык диспансерге жайгаштырылып, "Экстремизмге чакырык" деген берене боюнча кылмыш иши козголгон.

"Amnesty International" эл аралык укук коргоо уюму аны абийир туткуну деп атап, коё берүүнү талап кылган.

XS
SM
MD
LG