Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:30

Кундуз провинциясындагы жардыруудан кеминде жети киши өлдү


Кундуз провинциясы (иллюстрациялык сүрөт)
Кундуз провинциясы (иллюстрациялык сүрөт)

Ооганстандын түндүгүндөгү Кундуз аймагында жолго коюлган бомба жарылганда кеминде жети карапайым киши өлдү, алтоо жарадар болду. Бомбага жумушчуларды ташып бараткан чакан автобус кабылган.

1-июнда болгон ал кан төгүү үчүн эч ким жоопкерчиликти өзүнө алган жок. Бирок Кундуз бийлигинин басма сөз катчысы Эсматулла Муради жардыруунун артында талибдер турат деп шектелгенин айтты.

Өткөн жумада «Талибан» кыймылы менен Кабул өкмөтү ок атышууну убактылуу токтотуу тууралуу макулдашкан. Мурадинин айтымында, «талиб согушкерлери адатта коопсуздук аскерлерин бутага алышат, бирок бомбаларга жайкын оогандар туш болот».

XS
SM
MD
LG