Кыргызстанда жаңыдан иштеп жаткан «Онлайн университеттин» Изилдөө лабораториясында кыргыз коомунда жана жалпы эле Борбор Азия аймагында маселелерди каада-салттын негизинде чечүү сыяктуу көрүнүш талкууланды.
«Борбор Азиядагы мыйзамдык плюрализм: жергиликтүү укук таануу жана салттык практикалар» (Legal Pluralism in Central Asia: Local Jurisdiction and Customary Practices ) деген китептин автору - Германиянын Макс Планк институтунун изилдөөчүсү Махабат Садырбек менен вебинар-маек уюштурулду.
Маекте антропология илимдеринин доктору Махабат Садырбек Борбор Азия өлкөлөрүндө коомдогу түрдүү чыр-чатактын басымдуу бөлүгү каада-салттын негизинде чечилип жатканына жана бул көрүнүштүн оң, терс жактарына токтолду.
Укуктук мамлекет курууга эл арасындагы «жазылбаган мыйзамдардын» тийгизген таасирине, «убал», «уят», «адилеттүүлүк» деген түшүнүктөр заманбап укуктук мыйзамдар менен кантип айкалышып, колдонулуп жатканына саресеп салды. Мындай көрүнүштөргө Европа мамлекеттеринин изилдөөчүлөрү да кызыгып жатканын айтып берди.
«Онлайн университет» платформасынын курамы чет өлкөлөрдө билим берүү жана илимий изилдөө борборлорунда иштеген кыргызстандык мекендештерден жана жергиликтүү тажрыйбалуу педагогдордон турат. (RK)