Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:25

Мугалимдер «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси жана Ардак грамота менен сыйланышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковдун 2-июндагы буйругу менен тогуз мугалим «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен сыйланды.

Аларга сыйлык көп жылдык үзүрлүү эмгеги, билим берүү тармагына кошкон салымы, жаш муунду окутуп-тарбиялоодогу жетишкендиктери жана карантин мезгилинде телесабактарга тартылгандыгы үчүн ыйгарылды.

Дагы 35 мугалимге Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы тапшырылды.

Мындан тышкары коронавирус пандемиясына байланыштуу түзүлгөн өзгөчө кырдаал шартында жарыяланган карантин учурунда телесабактарга тартылган бардык мугалимдерге министрликтин ыраазычылык баракчалары берилди.

«Күтүүсүз кырдаалга ыкчам ыңгайлашып, бар мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен аралыктан окутууга катышкан бардык мугалимдерге терең ыраазычылык билдирем. Албетте, кемчиликтер, техникалык кыйынчылыктар болду. Бирок, билим берүү процесси үзгүлтүксүз улантып, окуу жылын жыйынтыктадык», - деди билим берүү министри Каныбек Исаков.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу түзүлгөн өзгөчө кырдаал шартында Кыргызстанда билим берүү мекемелери ишин 16-мартта токтоткон. Үч жумалык каникулдан кийин 8-апрелден 30-майга чейин окуу онлайн форматта, аралыктан жүргүзүлдү. 4-чейректин жыйынтыгы аралыктан окутулган программанын натыйжасына ылайык чыгарылды.

XS
SM
MD
LG