Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:03

AP: Кытай коронавирус тууралуу маалыматты атайылап жашырган


Кытайдагы дарыгер иштеп жаткан учуру. 15-май, 2020-жыл.
Кытайдагы дарыгер иштеп жаткан учуру. 15-май, 2020-жыл.

Расмий Бээжин коронавируска карата ыкчам реакция кылбаганын, маалымат көпкө чейин жашыруун сакталганын «Associated Press» (AP) кабар агенттиги жазып чыкты.

Маалыматта кытай бийлиги COVID-19 вирусу тууралуу лабораториялык иликтөөлөрү менен бөлүшкүсү келбей турган чакта башка мамлекеттердеги үч лаборатория аны аныктап койгону айтылган.

«Кытайдын мамлекеттик лабораториялары 11-январда COVID-19 тууралуу башка лаборатория вирусология сайтына жарыялаган соң гана айтып чыгышкан. Бирок андан кийин да кытай бийлиги эки жума бою коронавирус тууралуу унчуккан эмес. Так ошол убакта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) вирус жуккан оорулуулар жана жугузуу жөнүндө маалыматтарга муктаж болуп турган. Эгер бул маалыматтар ачык болгондо коронавирустун адам өлүмүнө алып келген күчүн басаңдатууга жана анын тез тарап кетишинин алдын алууга мүмкүн болмок», деп жазылган AP агенттигинин сайтында​.

Агенттик өз булактарына таянып, ДССУ Кытайды коронавирус тууралуу керектүү маалыматтарды алыш үчүн гана мактап турган деген божомолун да ачык жазды. Ага ылайык, жеке сүйлөшүүлөр учурунда уюмдун жогорку деңгээлдеги кызматкерлери Кытай тарап вирустун жугушу тууралуу маалыматтарды бербей жатканына нааразылыгын айтышкан. Агенттиктин макаласында кытайлык адистер коронавирустан дүйнөгө туулуп жаткан коркунуч тууралуу жыйынтыктарды да ДССУга бербей, жашырганы жазылган.

Коронавирус тууралуу маалыматтардын жетишсиздигин АКШнын эпидемиолог адиси Мария Ван Керкхове да жабык жыйындардын биринде айтып чыккан. Ал коронавирус тууралуу эч нерсе билбей туруп, ага каршы күрөшүү мүмкүн эмес экенин билдирген.

COVID-19 вирусу өткөн жылдын аягында Кытайдын Ухань шаарында чыгып, көп өтпөй жалпы дүйнөгө жайылды. ДССУнун маалыматына караганда, 3-июнга карата коронавирус дүйнөнүн 215 өлкөсүндө катталган. Жалпы ооруга чалдыккандардын саны 6,5 млн. адамга чукулдады. Вирус жугузуп алган соң 385 миңден ашуун адам көз жумду. 3 млн. ашуун адам оорудан айыгып чыкты.

XS
SM
MD
LG