Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:12

Коронавирус: Бир суткада үч адам кайтыш болду, алардын бири - дарыгер (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 26 адам жаңы катталды.

Үсөнбаевдин айтымында, бир суткада вирустан үч адам каза болду. Бул тууралуу 3-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Каза болгондордун бири - Ош облусунда иштеген 59 жаштагы фтизиатр -дарыгер, экинчиси - Ош шаарында ооруканада дарыланып жаткан 55 жаштагы, үчүнчүсү - Нарында ооруканада дарыланып жаткан 84 жаштагы бейтаптар.

Министрдин орун басары ошондой эле бир сутка ичинде коронавирус 26 адамдан табылганын кабарлады. Алардын көбү Бишкек шаарында - 16 киши, Нарын облусунда жети, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында бирден киши катталды.

Бир суткада 46 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Жалпысынан 18-марттан 3-июнга чейин Кыргызстанда коронавирус 1871 адамдан табылды, алардын ичинен 20 бейтап кайтыш болду, 1265 бейтап айыгып чыкты.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстанда Коопсуздук кеңешинин чечими менен көпчүлүк аймактарда өзгөчө кырдаал режими калтырылган. (RK)

XS
SM
MD
LG