Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:04

ӨКМ: Жаандан кийин айрым айылдарда короолорду жана жолдорду суу каптады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын айрым аймактарында 2-июндун кечинде жааган катуу жаандан кээ бир айылдарда короолорду жана жолдорду суу каптап, катуу шамалдан чатырлар талкаланды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Нарын облусунун Чаек айылында каналдан суу ашып, Кашка-Терек жана Май-Кокту тилкесинде жайгашкан беш үйдүн ичин, 16 үйдүн короосун каптаган.

Жалал-Абад шаарында ылдамдыгы секундасына 15-19 метрге жеткен шамал Көк-Арт кичи районунда жайгашкан кабат үйдүн 120 чарчы метр тунукесин жана Курманбек көчөсүндөгү орто мектептин 160 чарчы метр чатырын учуруп кеткен.

Тогуз-Торо районунда жаап өткөн жамгырдын кесепетинен арыктан суу ашып, Кара-Суу айылында ички чарбалык көпүрөнүн асты жагын суу жеген. Табылгыты айылында сегиз үйдүн жана Арал айылында төрт үйдүн короосун суу каптады. Чаткал районунда Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка автоунаа жолунун 18-19-чакырым аралыктарын суу каптап, жолду жана узундугу 2000 метр сел өтүүчү каналды кум менен шагылга толтурган.

Ош облусунун Кара-Суу районунда жаандан кийин кокту-колоттон келген сел суусу Жаңы-Арык – Кызыл-Суу автоунаа жолунун 16-26 чакырым аралыгын кум менен шагылга толтуруп, жол убактылуу жабылган.

Адамдар жабыркаган учур катталган жок. Бүгүн жеринде тазалоо жана чыгымды эсептөө иштери жүрүп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG