Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-июль, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 23:39

COVID-19: Министрлик бир суткада каза болгон үч бейтап тууралуу маалымат берди


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккандан кийин каза болгон үч бейтап тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 3-июнда маалымат берип, алардын аты-жөнүн атаган жок.

Маалыматка караганда каза болгондордун бири - фтизиатр-дарыгер, 59 жашта, Ош облусунун аймагында пневмония болгон бейтаптарды дарылап жүрүп оору жугузуп алган.

«Апрель айынан бери ал пневмония болгон бейтаптарды кабыл алып, дарылап келген. Акырында коронавирус жугузуп алып, оорусу өтө оор өткөндүктөн реанимациялык иш-чараларга карабастан өтүп кетти. Эки тараптуу пневмония, дем алуунун жетишсиздиги, кант диабети, жүрөктүн коронардык оорусу, кан басымынын жогорулугу деген илдеттери менен полиоргандык жетишсиздик болду», - деди Нурболот Үсөнбаев.

Каза болгон экинчи бейтап - Ош облусунун Кара-Суу районунун 55 жаштагы тургуну, алыска жүк ташып иштеген айдоочу. Ал ооруканага 27-майда жаткырылган. Минстрдин орун басары:

«Полиоргандык жетишсиздик. Бул бейтап эки тараптуу пневмония болду. Мурда 2019-жылы жүрөгүнө стенд койдуруп, операция жасаткан экен. Ошол оорулары да себеп болуп, коронавирусту көтөрө албай, болгон мүмкүнчүлүктү жумшаганыбызга карабай бул бейтапты да жоготуп алдык», - деди.

Үчүнчү өлүм Нарын облусунда катталды. Үсөнбаев облустук ооруканада жаткан 84 жаштагы эркек бейтап кайтыш болгонун айтты:

«Ал ооруканада 9-майдан бери дарыланып жаткан. Ошол жерден коронавируска чалдыккан адам менен контактта болгон экен. 25-майдан тартып абалы начарлап, интенсивдүү терапияда кармалып келген. Кечээ түнү абалы кескин оорлоп, эски дарттары козголуп, каза болду. Мурда холецистэктомия, ишемиялык инсульт болуптур, атеросклерозу бар экен. Кан басымы өтө жогору болуп турган учурда коронавирустун кесепетинен оорлоп, каза болуп калды».

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 26 адам жаңы катталды, 46 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Жалпысынан 18-марттан 3-июнга чейин Кыргызстанда коронавирус 1871 адамдан табылды, алардын ичинен 20 бейтап кайтыш болду, 1265 адам айыгып чыкты.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстанда Коопсуздук кеңешинин чечими менен көпчүлүк аймактарда өзгөчө кырдаал режими калтырылган. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (1)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG