Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2021 жума, Бишкек убактысы 16:35

Адвокат: Жогорку сот Конгантиевди актады, эми ал толук реабилитация болууга укуктуу


Молдомуса Конгантиев.

Жогорку сот мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди толук актады. Бул тууралуу «Азаттыкка» анын адвокаты Икрамидин Айткулов кабарлады.

Жактоочунун айтымында, 3-июнда Жогорку сотто прокуратуранын соттук биринчи жана экинчи инстанциялардын өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөтүү тууралуу кассациялык талабы каралды.

«Жогорку сот прокуратуранын арызын четке кагып, актаган өкүмдөрдү күчүндө калтырды. Эми ал толук реабилитация болууга укугу бар. Жогорку сот өз чечимин Конгантиевдин аракетинде кылмыш жок деп негиздеди», - деди адвокат.

Милициянын генерал-лейтенанты Конгантиевге 2005-жылдын 24-март, 2010-жылдын апрель окуялары боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-беренелери («Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу», «Шалаакылык») менен кылмыш иши козголгон.

Анын 2010-жылдагы апрель окуяларындагы аракеттерине байланыштуу козголгон кылмыш иши кыскарып кеткени 2018-жылы ачыкка чыккан. Бул чечим коомчулукта сынга кабылгандан кийин президент Сооронбай Жээнбеков Башкы прокуратурага ишти иликтеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү тапшырган.

Иш кайра сотко өткөрүлүп, прокуратура Конгантиевди алты жылга камап, 100 миң сом айып пул салууну суранган. Жактоочу тарап анын күнөөсүз экенин айтып, актоону өтүнгөн. Бишкектин Биринчи май райондук соту 2019-жылы 5-июлда Конгантиевди кайра актаган. Шаардык сот бул өкүмдү күчүндө калтырган. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (14)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG