Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-июль, 2020 жума, Бишкек убактысы 19:53

«Торугарт» өткөрмө бекети ишин улантмай болду


Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» өткөрмө бекети. Архивдик сүрөт.

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» өткөрмө бекети 8-июндан тартып иштей баштамак болду. Бул маселе эки өлкө ортосунда макулдашылганын 3-июнда Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, алгачкы убакта эки өлкөнүн гана жүгү өткөрүлүп турат. Кийин бекеттин иши боюнча комушча маселелерди эки тараптын тийиштүү органдары талкуулап алышат.

Кыргызстан менен Кытай ортосунда автомобилдик эки өткөрмө бекети бар - Ош облусундагы «Эркечтам» жана Нарын облусундагы «Торугарт». Экөө тең коронавирус пандемиясына байланыштуу январь айында жабылган.

«Эркечтам» Кыргызстандын өтүнүчү менен 15-апрелден тартып ишин кайра уланткан. (RK)

XS
SM
MD
LG