Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:13

АКШда тоз-тополоңдо полицияга 18 миң аскер жардамдашат


Вашингтон менен Нью-Йорк баштаган 40тай шаарга коменданттык саат киргизилген.
Вашингтон менен Нью-Йорк баштаган 40тай шаарга коменданттык саат киргизилген.

АКШда ынды кара жаран Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин башталган нааразылык акциялары токтой элек. Вашингтон менен Нью-Йорк баштаган 40тай шаарга коменданттык саат киргизилгенине карабай демонстранттар сегизинчи күн катары менен көчөгө чыгышты.

Нью-Йоркто полиция менен демонстранттар кагылышты. Бешинчи Авенью көчөсүндөгү дүкөндөр, соода жайлары таланып-тонолуп, бүлдүрүлдү. «Трамп Интернешнл» мейманканасынын жанында да калайман башаламандык болду.

Президент Дональд Трамп жергиликтүү бийликтен Нью-Йоркко Улуттук Гвардияны киргизүүнү талап кылды, бирок губернатор Эндрю Куомо ага макул болгон жок.

Трамп «Твиттердеги» баракчасына «Нью-Йоркту талоончулар, бандиттер, радикал солчулдар жана ар кандай самсаалаган адамдар ээлеп алышты. Губернатор Улуттук гвардияны киргизүү тууралуу менин сунушумду колдобой жатат. Нью-Йорктун таш-талканын чыгарышты», деп жазды.

Тоз-тополоңдо полицияга жардам берүү максатында 29 штатка 18 миң аскер жайгаштырылды. Пентагон Вашингтонго 1600 аскер бөлүнгөнүн билдирди.

Дональд Трамп бир канча күндөн бери уланып жаткан калайман башаламандыкты токтотуш үчүн армияны колдонорун эскерткен.

АКШда нааразылык акциялары Миннесота штатында полициянын колуна түшкөн ынды кара адамдын өлүмүнүн айынан башталган. Көчөгө чыккандарды Жорж Флойдду дем ала албай жатканына карабай, моюнун ныгыра басып муунткан полиция кызматкеринин аракети жаалданткан.

Окуяга байланыштуу төрт полиция кызматкери жумуштан алынган, кийин Флойдду тизеси менен ныгыра басып муунткан кызматкер камалган. Нааразылык акцияларына чыккандар калган үч полиция кызматкерин да камоону, полициянын расисттик аракеттеринин токтотулушун талап кылып жатышат.

XS
SM
MD
LG