Өпкөнү сезгенткен вирус жуккандар болсо 6,4 миллион кишиге чукулдады. Европанын бир катар мамлекеттеринде оору жуккан, андан көз жумган учурлар азайып жатат. Буга байланыштуу айрым өлкөлөр биринен сала бири карантин эрежелерин жумшартууда.
Парижде 2-июндан тартып кафелердин жайкы террасалары ачылды жана Франциянын башка аймактарында бар-ресторандардын ишине уруксат берилди.
Оорудан эң көп жапа чеккен Италия 3-июнда европалык туристтерге эшигин ачты. Бирок өлкө президенти Сержо Маттарелла «каатчылык аяктай элек» экенин эскертти.
Орусия ооругандардын саны боюнча алдыңкы өлкөлөрдүн бири болгонуна карабай, Москвада 1-июндан тартып айрым карантиндик чектөөлөр алынды. Соңку бир күндүн ичинде бул өлкөдө COVID-19 дагы 8800дөн ашык адамдан табылды, 180дей киши илдеттен көз жумду. Премьер-министр Михаил Мишустин экономиканы кайра калыбына келтириш үчүн алдыдагы эки жылда беш триллион рубль жумшаларын билдирди.
Бир канча аптадан бери оорунун очогуна айланган Бразилияда коронавирус жуккандар 526 миң адам болду. АКШда илдетке кабылгандар 1,8 миллион кишиге жетип калды.