Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:28

Штаб: Олуттуу себеп болбосо Бишкек шаарына каттоонун кереги жок


Бишкек. 2020-жылдын май айы.
Бишкек. 2020-жылдын май айы.

Өкмөт эгер олуттуу себеп болбосо Бишкек шаарына каттоонун кереги жок деп эсептейт. Бул тууралуу 3-июнда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын отурумунда айтылды.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов муну борбор калаада инфекциянын жугуу коркунучу жогору болуп турганы менен түшүндүрдү.

Отурумда Бишкектеги соода-сатык жайлары, соода борборлору, дүкөндөр, кафелер жана коомдук транспорт сыяктуу коомдук жайларда санитардык эрежелер сакталбай жатканына байланыштуу сын айтылып, мындай абал шаардагы эпидемиологиялык абалды начарлатары белгиленди.

Жалпысынан 18-марттан 3-июнга чейин Кыргызстанда коронавирус 1871 адамдан табылды, алардын ичинен 20 бейтап кайтыш болду, 1265 адам айыгып чыкты.

Ооругандар башка аймактарга салыштырганда Бишкекте көп – 582 адам. Буга чейин айтылгандай, борбор шаарда коронавирус жуккандардын саны Ленин районунда көп болууда.

Бишкектин эки районунда акимчилик кызматкерлеринен коронавирус табылганы маалым болду. Баш калаадагы Инфекциялык оорукана орундар толуп, кызматкерлерине оору жуккандыктан убактылуу обсервацияга жабылган. Мындан тышкары бир катар медициналык жайда иштегендер арасынан, соода борборлорунун биринин сатуучусунан да вирус табылган. (RK)

XS
SM
MD
LG