Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:12

Орусия: убактылуу кармоочу жайлардагы өзбекстандыктар даттанышты


Убактылуу кармоочу борборлордун биринде мигранттарга берилген тамак.
Убактылуу кармоочу борборлордун биринде мигранттарга берилген тамак.

Орусиядагы убактылуу кармоочу борборлордо отурган өзбек мигранттар ал жактагы шарты оор экенин айтып чыгышты. Алардын айрымдары «Азаттыктын» өзбек кызматына кайрылып, мындай жайлардан Кыргызстан менен Тажикстан өз жарандарын алып кетишкенин, өзбекстандыктар жана вьетнамдыктар гана калганын айтып даттанышты.

Мигранттардын айтымында, Егорьевск шаарындагы убактылуу кармоочу борбордо жаткандар депортация кылууну талап кылып бир канча жолу нааразылык акцияларын өткөргөн, бирок борбордун жетекчилиги полициянын атайын даярдыктагы аскерлерин алып келип, натыйжада мигранттар таяк жеген.

Ушундай эле арыз-арман менен Воронеждеги өзбекстандык мигранттар да кайрылышты. «Азаттыктын» өзбек кызматы буга байланыштуу Орусиянын Ички иштер министрлигинен комментарий ала алган жок.

Егорьевскидеги борбордун өкүлдөрү 400 адамга ылайыкташтырылган бул жайда ушул учурда 200дөй чет өлкөлүк жаран бар экенин ырасташты.

Орусияда коронавирус пандемиясы боюнча чектөөлөр киргенине байланыштуу айрым жергиликтүү укук коргоочуулар депортациялык борборлордогу мигранттарды коё берүүнү талап кылып чыгышкан.

XS
SM
MD
LG