Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:03

Өзбек өкмөт өкүлдөрү чек ара чатагы чыккан Сохко келип кетти


Сохто биринчи вице-премьер-министр Ачилбай Раматов баштаган өкмөт өкүлдөрү болду.
Сохто биринчи вице-премьер-министр Ачилбай Раматов баштаган өкмөт өкүлдөрү болду.

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун тапшырмасы менен биринчи вице-премьер-министр Ачилбай Раматов баштаган өкмөт өкүлдөрү Сох районуна келип кетти. Жергиликтүү маалымат каражаттары алар аймактагы маселелер менен жеринен таанышканын жазышты.

Буга чейин соңку жаңжалга байланыштуу Сохко Абдулла Арипов өзү келип кеткен жана ал Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов менен жолуккан. Аймактагы абалды 1-июнда эки өлкөнүн президенттери телефондон талкуулаган.

Ушул аптагын аягына чейин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Фергана облусуна барары айтылган.

31-майда Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын ортосунда булак талаштан катуу чыр чыккан. Чатактан Кыргызстан тараптан 25 адам түрдүү жараат алган, эки адамдын абалы оор. Өзбекстан 187 жараны жарадар болгонун кабарлаган.

XS
SM
MD
LG