Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:13

Уфа: кесиптешин зордуктады деген мурдагы полиция кызматкерлери акталды


Сотто акталгандардын бири Салават Галиев.
Сотто акталгандардын бири Салават Галиев.

Башкыртстандын Жогорку соту иш учурунда кесиптешин зордуктады деп шек саналган мурдагы полиция кызматкерлери Салават Галиев менен Эдуард Матвеевди актады жана сот залынан бошотту. Райондук сот аларды күнөөлүү деп таап, ар бирин жети жылга эркинен ажыраткан эле.

Мындан эки жыл мурун ички иштер башкармалыгынын Уфа райондук бөлүмүндө 23 жаштагы полиция кызматкери ошол учурда райондук полициянын жетекчилигинде иштеген Эдуард Матвеев, Салават Галиев жана Павел Яромчук зордуктаганын айтып арыз жазган. Расмий эмес маалыматтарга ылайык, арызданган кызматкер Росгвардиянын Башкыртстан боюнча жетекчисинин орун басарынын кызы болгон.

Камалгандар күнөөсүн мойнуна алган эмес. Тергеп-иликтөөдө «зордуктоонун изи болгон» деген корутунду чыгарылган.

Арыз жазган полиция кызматкери да ички иштер бөлүмүндө спирт ичимдиктерин ичкени үчүн деген негизде кызматтан алынган.

XS
SM
MD
LG