Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:46

Балдардын лагерлери 25-июнда ишке киришет


Жайында сууга түшүп жаткан балдар. Ош облусу.
Жайында сууга түшүп жаткан балдар. Ош облусу.

Кыргызстанда 25-июндан тартып балдардын ден соолугун чыңдоочу лагерлер иштей баштайт. Бул тууралуу коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын 3-июндагы жыйынында айтылды.

Жыйында өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев жайкы туристтик сезон тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, пансионаттардын жана эс алуу жайларынын жетекчилерине санитардык эрежелерди көзөмөлдөө боюнча катуу талаптар коюлду.

Өлкө боюнча Профсоюздар федерациясына караган ондон ашык лагерь, мамлекеттик мекемелердин өзүнчө лагерлери бар. Менчик лагерлер да иш жүргүзөт.

Акыркы жылдарда жайкысын мектеп лагерлери жана жайлоо бала бакчалары да көп уюштурулуп жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG