Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:17

Руслан Акматбек: Президенттин коррупцияга каршы күрөшү декларативдүү мүнөздө же саботаж болуп жатат (видео)


Руслан Акматбек.
Руслан Акматбек.

Эксперт Руслан Акматбек «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» программасында президент Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөшүү тууралуу сөзү декларативдүү мүнөзгө ээ болуп калды деген пикирин билдирди.

«Же президент коррупцияга каршы күрөш тууралуу айтып, кагаз жүзүндө эле элге айтып коюп жатат. Бул - биринчи варианты. Же күч түзүмдөрү мамлекет башчынын саясатын саботаж кылып атышат. Үчүнчү варианты - президенттин тапшырмасын аткарууга күч түзүмдөрүнүн күчү жетпей жатат», - деди Руслан Акматбек.

Талдоочу ошондой эле Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргызстан эгемендик алгандан бери карай эле мамлекеттин эмес, бийликтин кызыкчылыгына кызмат кылып келатканын, ага жараша көптөгөн мыйзамсыз иштерде бул органдын жоопкерчилиги көз жаздымда калып жатканын кошумчалады.

2-июнда кытай жараны Айеркен Саймаитиге байланышкан маалыматтарды иликтөө боюнча Жогорку Кеңеште түзүлгөн убактылуу комиссиянын кезектеги отуруму өткөн. Анда УКМКнын Тергөө башкармалыгынын башчысы Самидин уулу Сагынбек «Кытайдын жараны Айеркен Саймаити «Азаттыктын» журналисттерине финансылык каражат берген» деген көрсөтмөлөр болгонун билдирген. «Айеркен Саймаитинин «Азаттыктын» журналистине акча бергенин өзүнөн укканбыз» деген эки күбөнүн видео көрсөтмөсү көрсөтүлгөн.

УКМКнын бул аракетин Жогорку Кеңештин айрым депутаттары, жарандык активисттер айыптап чыгышты.

Ал эми «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай «"Азаттыктын" кабарчысы акча алган» деген маалыматты «журналисттерди каралоо» деп баалады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG