Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:42

Жогорку Кеңеш шайлоо босогосу тууралуу мыйзам долбоорун экинчи окууда карайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеш бүгүн «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи окууда карайт.

Анда парламенттик шайлоонун босогосун тогуз пайыздан жети пайызга төмөндөтүү камтылган. Ушул эле документте партияларга шайлоого катышуу үчүн күрөөнү беш миллион сомдон бир миллион сомго чейин азайтуу жөнүндө сунуш да бар.

Шейшембиде парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент комитети аталган мыйзам долбооруна сунушталган өзгөртүүлөрдү экинчи окууда кабыл алган.
14-майда мыйзам долбоору биринчи окуудан өткөн.

Ал күнү шайлоо босогосун беш пайызга чейин түшүрүүнү сунуш кылып мыйзам долбоорун жазган депутаттар төрагага нааразылык билдирип, натыйжада кайым айтыш чыккан. Айрым депутаттар Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун ишин иликтөөчү комиссия түзүүнү сунуш кылышкан.

Кыргызстанда 2010-жылы шайлоо босогосу беш пайыз болчу. 2015-жылдагы шайлоо алдында жети пайызга жетип, 2017-жылы тогуз пайызга чейин көтөрүлгөн.

Келерки парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG