Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:22

Казак-өзбек чек арасында турган тажикстандык мигранттар мекенине жетти


Тажик мигранттары казак-өзбек чек арасында үй айга чукул жатышты.
Тажик мигранттары казак-өзбек чек арасында үй айга чукул жатышты.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 237 жараны мекенине жеткенин кабарлады. Министрлик Казакстан бийлигине чек арадан өтүүгө көмөктөшкөнү үчүн, ал эми өзбек бийлигине мигранттарды алып өтүүгө коридор бергени үчүн ыраазычылык билдирди.

Казакстанда иштеп жүргөн, карантин убагында мекенине кайтууну каалаган 200дөн ашуун тажик мигранты 10 аптадан бери казак-өзбек чек арасында, «Жибек жолу» өткөрмө бекетинин жанында жаткан. Алардын көпчүлүгү - Тажикстандын Согдий жана Хатлон облусунун тургундары.

Март айында коронавирус пандемиясынан улам Казакстан менен Өзбекстан чек араларын жаап койгон эле.

XS
SM
MD
LG