Кыргызстанда диний мекемелердин иштешине уруксат берилмей болду. Өкмөттүн бсма сөз кызматы кабарлагандай, 8-июндан тартып мечиттерге, чиркөөлөргө жана намазканаларга барууга коюлган чектөөлөр алынып салынат.
Мындай чечимди Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жана башка диний уюмдардын өкүлдөрү менен кеңешкенден кийин кабыл алды.
Оорунун жайылышынын алдын алуу максатында ар бир адам беткап тагынып, аралыкты сакташы керек болот, кире бериштен келгендердин дене табы өлчөнөт.
18-мартта Кыргызстанда коронавирустун алгачкы учурлары катталган. Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өзгөчө абал жарыяланып, бардык мекеме-ишканалар менен катар мечиттер да убактылуу жабылган. (RK)