Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:13

Бир суткада коронавирус жуккан 28 адам жаңы катталды, алардын жетөө медицина кызматкери


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 28 адам жаңы катталды. Алардын жетөө медицина кызматкери. Бул тууралуу 4-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Оору жуккандардын эң көбү Бишкекте катталды - 15 адам. Мындан тышкары Ош облусунда алты, Ош шаарында төрт жана Нарын, Чүй, Ысык-Көл облустарында бирден адам катталды.

Бир суткада 27 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Жалпысынан 18-марттан 4-июнга чейин Кыргызстанда коронавирус 1899 адамдан табылды, алардын ичинен 20 бейтап кайтыш болду, 1292 бейтап айыгып чыкты.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстанда Коопсуздук кеңешинин чечими менен көпчүлүк аймактарда өзгөчө кырдаал режими калтырылган. (RK)

XS
SM
MD
LG