Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:50

Парламенттик шайлоону жылдыруу же үгүт формасын өзгөртүү маселеси көтөрүлдү (видео)


Депутат Дастан Бекешев.
Депутат Дастан Бекешев.

Жогорку Кеңештин 4-июндагы сессиясында КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев коронавирус пандемиясына байланыштуу парламенттик шайлоону жылдырууну же үгүт иштеринин форматын өзгөртүүнү сунуш кылды.

«Мурдагыдай форматта үгүт иштерин жүргүзүп, концерт, той уюштурсак, бир топ коркунучтар бар. Коронавирус азайбай жатат. Күчөп кетсе бир топ суроолор жаралат. Биз парламенттик шайлоону жылдырышыбыз керек. Же үгүттү башкача жүргүзүүгө мажбур болобуз. Шайлоонун мөөнөтүн жылдырсак бир катар суроолор чыгат, саясий оюндар да болушу мүмкүн. Жаңы форматта, онлайн режимде үгүт кылсак болот. Ошондуктан бир чечимге келүүгө тийишпиз. Шайлоого аз эле убакыт калды».

Буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков «Спутник» сайтына берген интервьюсунда эгер күзүндө илдет күчөп, өзгөчө абал киргизүү зарылдыгы пайда болсо шайлоону жылдыруу ыктымал экенин белгилеген.

Мурда пандемиядан улам жарыяланган өзгөчө абалга байланыштуу Кыргызстандагы 12-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоо белгисиз мөөнөткө жылган.

26-июндан 6-июлга чейин шайлоо алдындагы үгүт иштеринин башталышы тууралуу президенттин жарлыгы чыгышы керек. Конституцияга ылайык Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтүшү керек. (NT)

XS
SM
MD
LG