Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-июль, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 09:22

ӨКМ: Бир күндө үч адам сууга чөгүп каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда бир күндө үч адам сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу 4-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Талас облусунун Манас районунда Чеч-Дөбө айылынын Саратай көлүнө 18 жаштагы жигит чөгүп кеткен. Окуя 3-июнда түштөн кийин болгон.

Нарын облусунда Жумгал районунун Кара-Кече тилкесинде жайгашкан каналга 15 жаштагы өспүрүм бала чөгүп кетти.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда Бурана тилкесиндеги Кара-Суу суусунда 69 жаштагы эркек кишинин сөөгү табылган. Куткаруучулар сөөктү суудан чыгарып, милицияга өткөрүп беришти.

Кыргызстанда 2019-жылдын биринчи жарымында 88 киши сууга чөгүп каза болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG