Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:10

Экономика министрлиги: Казакстан чек арадагы кезекти жөнгө салууга убада берди


Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекети.
Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекети.

Кыргызстандын Экономика министрлигинин өкүлдөрү менен Казакстандын тиешелүү мекемелеринин жетекчилери 3-июнда чек арада жолугушуу өткөрдү. Ал тууралуу экономика министринин орун басары Элдар Алишеров «Азаттыкка» буларды билдирди:

«Жолугушууда «Ак-Тилек» өткөрмө бекетиндеги абал боюнча акт түзүлдү. Пайда болгон узун кезектин себептери жана ага кай тарап күнөөлүү болуп жатканы да айтылды. Казакстан тараптан келгендер маселени өздөрүнүн жетекчилерине «жеткиребиз, чара көрөбүз» дешти. Мындан тышкары «бүгүн-эртең «Чалдовар» өткөрмө бекети ачылат» деген убада беришти».

Алишеровдун айтымында, чек арада автоунааларды казак тарап көп кармап жаткандыктан, узун кезектер тизилип жатат.

Өткөн аптадан бери «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинин жанында казак тарапка өтүш үчүн кезекте турган оор жүк ташуучу автоунаалардын саны 300гө жеткен. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кезек күткөндөрдүн саны Казакстандын Киреше боюнча мамлекеттик комитетинин текшерүүсүнө байланыштуу көбөйүп жатканын билдирген.

Соңку жылдары мындай көрүнүш бул бекеттин жанында улам кайталанып келатат.

Кыргыз-казак чек арасында ушу тушта «Чоң-Капка» менен «Ак-Тилек» өткөрмө бекеттери иштеп жатат. (AiB/NT)

XS
SM
MD
LG