Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:49

COVID-19: Чолпон-Атада атайын жабдылган лаборатория иштей баштайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чолпон-Ата шаарында полимердик чынжырча реакциясы (ПЧР) боюнча анализ жүргүзө турган жабдыгы бар лаборатория ачылганы жатат. Бул тууралуу 4-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде айтты.

Үсөнбаевдин айтымында, Корея Республикасы менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүнүн негизинде Кыргызстанга тийиштүү медициналык жабдыгы бар эки ПЧР аппарат жеткирилди. Алардын бири Чолпон-Ата шаарында ачыла турган лабораторияга коюлуп, жайкы туристтик сезон учурунда толук иштейт.

Жалпысынан 18-марттан 4-июнга чейин Кыргызстанда коронавирус 1899 адамдан табылды, алардын ичинен 20 бейтап кайтыш болду, 1292 бейтап айыгып чыкты.

1899 адамдын 15и Ысык-Көл облусунда. Алардын бирөө 4-июнда жаңы аныкталды. Ага чейин соңку эки жумадан бери бул аймакта коронавирус жуккандар каттала элек болчу.

1-июндан тартып Ысык-Көлдө пансионаттардын жана конок үйлөрдүн иштешине уруксат берилди.

Коронавирус илдети ПЧР анализи аркылуу аныкталат. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG