Кыргызстандын аэропорттору эл аралык авиакаттамдар үчүн 15-июндан тартып даяр болот. Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб ушундай чечим кабыл алганын 4-июнда Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.
Акышев адегенде ар бир компанияга жумасына бир каттам уюштурууга уруксат берилерин, кийин алар бара-бара рейстерди көбөйтсө болорун айткан.
Бирок көп өтпөй Транспорт жана байланыш министрлиги каттамдар тууралуу маалымат тактала электигин кабарлады.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу дүйнөдө көпчүлүк өлкөлөрдө чек аралар жабылып, эл аралык каттамдын дээрлик бардык түрү убактылуу токтогон.
Жалпысынан 18-марттан 4-июнга чейин Кыргызстанда коронавирус 1899 адамдан табылды, алардын ичинен 20 бейтап кайтыш болду, 1292 бейтап айыгып чыкты. (RK)