Кытайдын түштүгүндөгү Гуанси-Чжуан автономдуу районунда бала бакчалардын биринде бычакчан адамдын кол салуусунан кеминде 40тай адам жарадар болду.
Мамлекеттик маалымат каражаттары окуя Ванву кыштагында болгонун, жарадарлардын көбү алты жашка чыга элек балдар экенин жазышты. Ага ылайык, кылмышка барган адам ошол бала бакчанын 50 жаштагы кароолчусу болгон жана таң эрте күтүүсүз кол салган. Бир баланын, бакчанын директору менен дагы бир кароолчунун абалы оор экени айтылды. Кол салган киши камакка алынды жана аны бул кылышка эмне түрткөнү азырынча белгисиз.
Кытайда бычак менен мектепке, бала бакчаларга кол салган учурлар буга чейин да катталган жана кылмышка барган адамдардын көбү акыл-эси жайында эмес экени маалымдалган.