Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:45

5-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Кыргызстан. Токтогул суу сактагычы.
Кыргызстан. Токтогул суу сактагычы.

5-июнда түнкүсүн Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 18…23, күндүз 28…33;

Талас жергесинде түнкүсүн 16...21, күндүз 27…32;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 18…23, күндүз 31…36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27;

Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 20…22, күндүз 31…33 градус болот.

XS
SM
MD
LG