Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:12

Асрандиев: Кыргыз-казак чек арасындагы абал союздаштардын келишимдерине каршы келет


Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде топтолгон жүк ташуучу машинелер. 7-январь, 2020-жыл.
Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде топтолгон жүк ташуучу машинелер. 7-январь, 2020-жыл.

Кыргыз-казак чек арасындагы абал союздаш мамлекеттердин келишимдерине карама-каршы келет. Кыргызстандын вице-премьер-министри Эркин Асрандиев бул тууралуу 4-июнда кыргыз-казак чек арасындагы «Актилек автожол» көзөмөл-өткөрүү жайында өткөн көчмө жыйында билдирди. Асрандиев чек арадагы абал былтыртан бери начарлап кеткенин белгиледи:

«Казакстан менен чектешкен чек арада көптөн бери кыйынчылыктар болуп келатат. 300-400 машине көп күндөн бери кезек күтүп турат. Мен жеке өзүм айдоочуларды Казакстандын чек арасынан Кыргызстанга өткөрүүнүн тартибин көрдүм. Ал паспорттук көзөмөлдөн, андан аркы көзөмөлдөө үчүн медицина кызматкерлеринин анкеталык маалыматтарын топтоодон, вирустун бар-жогуна анализ тапшыруудан турат. Андан соң жүк ташуучу Кыргызстандын аймагында тесттин жыйынтыгын күтөт. Өлкөгө кирүү тартиби да татаал эмес. Ал эми казак тараптан бардыгы жай жүргүзүлүүдө. Бул биздин ички союздук макулдашууларга каршы келет», - деди вице-премьер-министр.

Эркин Асрандиев ошол эле учурда Кыргызстандын тышкы чек араларындагы абалга караганда ЕАЭБдин ичиндеги чек арасында жагдай оор экенин белгиледи. Вице-премьер-министрдин айтымында бул маселе боюнча кыргыз тарап биримдиктин коллегиясына бир нече жолу кайрылган, учурда дагы аракеттер болуп жатат.

Өткөн аптадан бери «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинин жанында казак тарапка өтүш үчүн кезекте турган оор жүк ташуучу автоунаалардын саны 300гө жеткен. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кезек күткөндөрдүн саны Казакстандын Киреше боюнча мамлекеттик комитетинин текшерүүсүнө байланыштуу көбөйүп жатканын билдирген.

Кийинки жылдары мындай көрүнүш бул бекеттин жанында улам кайталанып келатат.

Кыргыз-казак чек арасында ушу тушта «Чоң-Капка» менен «Ак-Тилек» өткөрмө бекеттери иштеп жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG