Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:35

Киевде сот Порошенкону тергөөгө күчтөп алып келүүгө макул болду


Иликтөөлөр боюнча мамлекеттик бюро Петр Порошенконун аты аталган 13 кылмыш иши иликтенип жатканын билдирген.
Иликтөөлөр боюнча мамлекеттик бюро Петр Порошенконун аты аталган 13 кылмыш иши иликтенип жатканын билдирген.

Киев шаарындагы Печерск райондук соту мурдагы президент Петр Порошенкону Иликтөөлөр боюнча мамлекеттик бюрого тергөөгө күчтөп алып келүү тууралуу чечим чыгарды. Порошенко «43 сүрөт» деген ат менен таанылган кылмыш ишине байланыштуу суракка чакырылган жана келерки тергөө 10-июнга белгиленген.

Украинанын экс-президенти 2012-жылы атактуу кыл калемгерлерге таандык 43 сүрөтүн чек арадан жана бажыдан мыйзамсыз алып өткөнүнө байланыштуу козголгон кылмыш ишинде күбө катары тергөөгө чакырылган. Порошенко ал сүрөттөр өзү президенттик кызматка келгенге чейин эле сатылып алынганын жана Украинага алынып келгенин, бажы декларацияларынын көчүрмөлөрү бар экенин маалымдаган.

Порошенко 26 жана 29-майда сурака чакырылган жана анда өз эрки менен баруудан баш тарткан.

Иликтөөлөр боюнча мамлекеттик бюро өткөн жылдын аягында экс-президенттин аты аралашкан 13 кылмыш иши тергелип жатканын билдирген. Экс-президент өзүнө байланышкан бардык дооматтарды четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG