Бул туурасында Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, 31-майда кыргыз-өзбек чек арасындагы булак талаштан чыккан чатакта кыргызстандыктар бир да курал колдонушкан эмес.
Өзбекстандын Сох районунун акимчилиги Чечмедеги чырда 187 жаран түрдүү жаракат менен райондук ооруканага кайрылганын, 15 адам оор абалда тик учак менен борбордук ооруканага жеткирилгенин «Озодлик» радиосуна кабарлаган. Райондук оорукананын өкүлдөрү кагылышууда жарадар болгондордун ичинен 13 адамга ок тийгенин «Озодликке» маалымдашкан. «Азаттыктын» өзбек кызматы Фергана облустук администрациясынын өкүлү Мухаммеджон Обидов 2-июнда 3 адам сайы жок мылтыктан атылган бытырадан жабыркаганын айтканын жазды.
Окуяда кыргызстандык 25 жаран түрдүү жаракат алганын, экөөнүн абалы оор экенин Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги маалымдаган.
31-майда Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын ортосунда булак талаштан катуу чатак чыккан. (ZKo/JsA)