Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:51

Өзбекстан тарапка суу берүү маселеси чечиле элек


Кыргыз-өзбек өкмөттөрүнүн жолугушуусу. Баткен. 1-июнь, 2020-жыл.
Кыргыз-өзбек өкмөттөрүнүн жолугушуусу. Баткен. 1-июнь, 2020-жыл.

Бул маалыматты биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 4-июнда Жогорку Кеңеште билдирди. Анын айтымында Токтогул суу сактагычынан сугат суусун үзгүлтүксүз берүү Өзбекстан тараптын 1-июнда Баткендин Чечме бекетиндеги жолугушууда көтөргөн үч маселесинин бири болчу. Боронов быйыл суу сактагычта суунун көлөмү аздыгына байланыштуу азырынча так жооп болбой тургандыгы Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповго түшүндүрүлгөнүн айтты:

«Быйыл экинчи жыл катары менен Токтогулда суу аз экенин, ошондуктан биз өзүбүз кышында электр энергиясын Казакстандан импорттоого аргасыз болуп жатканыбызды айтып, түшүндүрдүк. «Мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша карап көрөлү» деп айттык».

Кубатбек Боронов жолугушууда кыргыз тарап «Кайтпас» бекетин ачууга макулдук бербегенин, 31-майда болгон окуя үчүн кечирим сурабай эле, өкүнүч билдиргенин маалымдады.

Кыргызстан менен Өзбекстан өкмөт өкүлдөрү 1-июнь күнү Баткен облусундагы «Чечме» өткөрмө пунктунда жолугушуп, акыркы кырдаалды талкуулаган. Жолугушууга Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен Кыргызстандын биринчи вице-премьер министри Кубатбек Боронов баштаган өкүлдөр катышкан.

31-майда Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын ортосунда булак талаштан катуу чыр чыккан. Чатактан Кыргызстан тараптан 25 адам түрдүү жараат алган, эки адамдын абалы оор. «Азаттыктын» өзбек кызматы өзбек тараптан 187 киши жараат алганын жазды.

Эки өлкөнүн өкмөт аралык комиссиясынын кийинки отуруму 20-июнга белгиленген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG