АКШ президенти коргоо министри Марк Эсперди нааразылык акциялары тууралуу пикир келишпестиктен улам кызматтан алуу маселесин карап жаткан. Бирок шайлоо алдында өкмөт курамын өзгөрткүсү келбегендиктен, ал оюнан кайтканын Эн-Би-Си телекомпаниясы жазды.
Пентагондун башчысы Эн-Би-Сиде шейшембиде чыккан маегинде ал бир күн мурда Ак үйдүн жанындагы чиркөөгө президент Трамп баштаган жетекчилер менен жолугушууга неге чакырылганын билбегенин айтты. Мындан тышкары Эспер Пентагондогу брифинг учурунда нааразылык акцияларын басыш үчүн Куралдуу күчтөрдү колдонууга каршы экенин билдирген. Трамп мунун зарылчылыгын бир нече жолу айткан.
Телекомпаниянын булактары президент Трамп Эсперди кызматтан кетирүү тууралуу юстиция министри Уильям Баррдын көзүнчө айтканын билдиришкен. Бир күндөн кийин ал оюнан айныганын, «Эспердин кызматтан кетиши шайлоого беш ай калганда өкмөттү алмаштырууга арзыбай турганын» айткан.
АКШда ынды кара Жорж Флойддун полиция кармагандан кийинки өлүмү жалпы өлкөдө расалык теңсиздикке каршы массалык нааразылык толкундарын жараткан. Айрым аймактарда ал башаламандыкка айланып, машинелер өрттөлүп, дүкөндөр тонолгон.
Вашингтон баштаган 40 шаарда коменданттык саат киргизилген.