Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:40

Эл аралык космостук уюмдар Айды иликтөө иштерин талкуулашат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Роскосмос, НАСА уюмдарынын, Канада, Жапония жана Европа өлкөлөрүнүн космос агенттиктеринин башчылары Айды иликтөөдөгү кызматташтык маселесин карашат. Бул тууралуу ТАСС космос тармагындагы булагына таянып жазды.

Айды иликтөөгө байланыштуу видео жыйын 9-июнда өтөт. Маалыматка ылайык, жыйында НАСАнын өкүлү Жим Бранденстайн АКШнын «Артемида» деп аталган ай программасын ишке ашырууну чогуу каржылоо маселесин көтөрүшү күтүлүүдө. Мындан тышкары Эл аралык космос станциясы боюнча кызматташуу маселеси да каралат.

Роскосмостун жетекчиси Рогозин орбиталык станция үчүн Орусия түзүп жаткан модулдар жана жаңы «Орел» кемесинин келечеги жөнүндө маалымат берет.

Мурдараак НАСА Айды иликтөө боюнча эл аралык келишимдин негизги жоболорун сунуш кылган. Анын ичинде Айдан кен байлык алуунун шарттары, коопсуздук аймактарын түзүү сыяктуу жоболор бар.

«Артемида келишими» АКШ менен башка өлкөлөрдүн ортосунда түзүлөт.

Орусия Айды иликтеш үчүн өзүнүн программасын иштеп жатат. Ага ылайык, орустар Айда өзүнүн базасын курмакчы.

XS
SM
MD
LG