Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:41

Ички авиа каттамдар 5-июндан тартып жанданат


Минскиден 179 кыргызстандык учуп келди. 2-июнь, 2020-жыл.
Минскиден 179 кыргызстандык учуп келди. 2-июнь, 2020-жыл.

Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Курманбек Акышевдин 4-июнда брифингде билдиргенине караганда, ички каттамдарды «Тез Жет» авиакомпаниясы жүргүзөт.

«Өкмөттүн чечимине ылайык, 5-июндан тарта үзгүлтүксүз ички каттамдар кайрадан жандандырылат, аларды «Тез Жет» авиакомпаниясы жүргүзөт. Каттамдарды алгач бир жумада төрт жолу, кийинчерээк күнүнө бир жолу жүргүзүү пландалууда. Бирок авиакомпания 7-8-июндан баштап каттамдарын ишке киргизери күтүлүүдө», - деди ал.

Курманбек Акышевдин маалыматы боюнча «Манас», «Ош» жана «Ысык-Көл» эл аралык аэропорттору үзгүлтүксүз ички каттамдарды ачууга даяр. Коронавирустун жайылышынын алдын алуу максатында аэропорттордун ичине колунда учакка билети бар жүргүнчүлөр, кичинекей балдарды жана улгайган, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коштоп жүргөн адамдар беткап менен, санитардык эрежелерди бекем сактоо тууралуу талап менен киргизилет. Узатып келгендер жана тосуп алуучулар аэропорттун имаратына кирбей, сыртта күтүшөт.

Каттамда учуп келген жүргүнчүлөр аба майданынын имаратына дезинфекциялоочу тоннел аркылуу гана өткөрүлөт.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда 22-марттан тартып ички, тышкы аба каттамдары токтогон. Чет мамлекеттерден келе албай калган кыргызстандыктарды алып келиш үчүн өкмөт эл аралык чартердик каттамдарды уюштурган.

Коронавируска каршы ыкчам штабдын маалыматына караганда, 4-июнга карата дагы 28 адамга коронавирус жукканы аныкталды. Ушуну менен СOVID-19га чалдыккандар өлкөдө 1899 адамга жетти. 20 киши каза болду.

Жалал-Абад облусунда – 163, Ош облусунда – 226, Ош шаарында - 211, Чүй облусунда – 134, Бишкек шаарында – 499, Баткен облусунда – 30, Нарын облусунда – 381, Ысык-Көл облусунда – 15 киши оору жугузганы катталган. Коронавирус 372 медицина кызматкерине жуккан. Илдетти жугузган эки дарыгер набыт болгон.

1953 адам айыкты. 587 адам ооруканада, 12 адам оор абалда. Үч киши реанимацияда жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG