Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:23

Бишкекте бала бакчалардын кызматкерлери COVID-19 вирусуна текшерилет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте бала бакчалардын кызматкерлери массалык түрдө COVID-19 вирусуна текшерилет. Мындай текшерүүлөр бала бакчалардын менчик түрүнө карабай жүргүзүлөт. Мындан тышкары ар бир бала бакчанын жетекчилиги кызматкерлердин тизмесин акимиаттарга жиберүүгө тийиш. Ага ылайык, көчмө топтор график боюнча кызматкерлердин жумуш орундарынан анализ алышат.

Ата-энелер үйдөн балдарга өздүк гигиенаны, социалдык аралыкты сактоону үйрөтүп, балдарды беткап менен камсыздоого жана аны туура тагынууну үйрөтүүгө тийиш.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда Бишкек шаарынын эпидемияга жана эпизотикага каршы комиссиясы төмөнкү долбоорлорду даярдады:

- Бала бакчалардын убактылуу ишмердүүлүгүнүн регламенти;

- Балдардын ата-энелери толтуруучу анкета;

- Бакчага барганда баласынын ден соолугун камсыз кылуу боюнча ата-эненин милдеттенмеси.

Булар мамлекеттик органдар менен макулдашылат жана Бишкек шаарындагы бардык бала бакчалар тарабынан аткарылууга тийиш.

Бишкекте 87 муниципалдык бала бакча, 13 мекеме алдындагы жана 218 жеке менчик бала бакча бар.

Мэрия жүргүзгөн мониторингге ылайык, жай мезгилинде бала бакчага 6000ге жакын бала барат жана 1600 кызматкер иштейт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG