Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитети, Бюджет жана финансы комитети 5-июнда ишкерлик, салык, инвестиция жана башка экономикалык маселелер боюнча долбоорлорун парламенттик талкууга алып чыгат.
Анын ичинде ишканаларды текшерүүнүн тартиби, өзгөчө кырдаал учурунда ишкерлик субъектилерин колдоо, инвестиция, лицензиялык-уруксат берүү, туризм жана башка тармактардагы айрым мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү, Салык жана Токой кодекстерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана башка маселелер бар.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу түзүлгөн өзгөчө кырдаал кыргызстандык ишкерлерге оор сыноо салганы, андан ириде тейлөө тармагы, туризм жабыркаганы кабарланган. (ZKo)