Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:43

COVID-19: Бир суткада эки бейтап кайтыш болду, оору дагы 37 кишиден жаңы аныкталды (видео)

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан эки аял кайтыш болду. Бул тууралуу 5-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Каза болгондордун бири Бишкек шаарындагы Улуттук фтизиатрия борборунда дарыланып жаткан 82 жаштагы бейтап.

Экинчи бейтап - 34 жаштагы келин Ош облустук бириктирилген ооруканасында дарыланып жатып каза болду.

Бир суткада коронавирус менен 37 адам жаңы катталды.

Алардын арасынан эң көбү Бишкекте - 14 адам. Чүй облусунда жети, Нарын облусунда алты, Ош облусунда беш, Ысык-Көл облусунда үч, Баткен облусунда жана Ош шаарында бирден адам.

Кечээтен бери 48 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Жалпысынан 18-марттан 5-июнга чейин Кыргызстанда коронавирус 1936 адамдан табылды, алардын ичинен 22 бейтап кайтыш болду, 1340 бейтап сакайып кетти.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында өзгөчө кырдаал режими күчүндө турат. (RK)

​
XS
SM
MD
LG