Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:56

«Жаңы дем» аттуу саясий альянс түзүлдү


Сүрөт Govori.TV порталыныкы.

Кыргызстанда бир топ саясатчылар «Жаңы дем» деген ураан алдында стратегиялык өнөктөштүккө бириккенин, парламенттик шайлоого чогуу аттанарын жарыялашты.

5-июнда кабыл алынган меморандумга Өмүрбек Текебаев («Ата Мекен» социалисттик партиясы), Темир Сариев («Ак шумкар» саясий партиясы), Жанарбек Акаев (Кыргыз либералдык-демократиялык партиясы), Рыскелди Момбеков (Социал-демократиялык тобу), Тилек Токтогазиев («Жаңы Дем» жаштар бирикмеси) жана Азамат Темиркулов («Жашыл күчтɵрдүн коалициясы») кол коюшту.

Алар бул альянс шайлоо алдындагы гана долбоор эмес экенин, максаттары узак мөөнөттүү экенин айтып, негизги максаты - келе жаткан парламенттик шайлоого катышуу жана жаңы күч катары элдин ишенимине ээ болуу экенин белгилешти.

Меморандумда «биз элибиздин каада-салтын, баалуулуктарын жана уникалдуу маданиятын сактоо жаатында консерваторбуз. Бирок өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган кандай чечим болбосун, реформаторлук көз карашты бекем сактайбыз» деп айтылды.

Саясатчылар коронавирус пандемиясынан улам учурда өлкөдө ыкчам чара көрүү зарылдыгы турганын жана аталган саясий бирикме ушул шартта Кыргызстанды өзгөртчү конкреттүү иш-аракеттердин «жол картасын» жарыяларын кошумчалады.

Быйыл күзүндө Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтөт. Жогорку Кеңеш 120 депутаттык мандаттан турат. Депутаттар партиялык тизме менен шайланат. (BkA)

Пикирлерди көрүңүз (65)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG