Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:19

Депутат Адыл Жунус уулу четтен келген кыргыздарга виза берүү маселесин көтөрдү


Памирлик кыргыздар. Апрель, 2015-жыл.
Памирлик кыргыздар. Апрель, 2015-жыл.

Парламенттеги «Республика - Ата Журт» фракциясынын 5-июндагы жыйынында депутат Адыл Жунус уулу чет өлкөлөрдөн келген кыргыздардын виза алышы боюнча маселе көтөрдү.

Анын айтымында, Кыргызстанга келүүнү каалаган чет өлкөлүк кыргыздар бир жылдан бери жеңилдетилген визаны ала албай жатышат.

Депутат 2017-жылы чет элдик кыргыздарга чакыруусуз жана акысыз виза берүү тууралуу токтом чыкканын, бирок бир жылдан кийин ал тартип иштебей калганын белгиледи. Ал Тышкы иштер министрлигинен мунун себептерин түшүндүрүүнү талап кылды:

«Тышкы иштер министрлиги бул боюнча мага так түшүндүрмө бере элек. Чет элдик кыргыздар Мекке сыяктуу эле тарыхый мекенине келүүнү каалашат да».

Жыйынга Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү келген эмес. Миграция кызматынын өкүлдөрү маселеге министрлик жооптуу экенин айтышты.

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин маалыматына караганда, быйыл жыл башында виза берүүнүн жаңы тартиптери иштей баштаган. Ага ылайык, чет элдик кыргыздар «Мекен виза» деген категория менен акысыз виза ачтыра алышат. Бул виза бир жылга чейин берилет. Аны Кыргызстанды көрүп кетүүнү же биротоло кайтып келүүнү каалагандар алса болот. Аларда кайрылман макамын алуу мүмкүнчүлүгү да бар. (NT)

XS
SM
MD
LG