Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:40

Көз каранды эмес журналисттер бирикмеси УКМКнын «Азаттык» боюнча билдирүүсүн айыптады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы Көз каранды эмес журналисттер бирикмеси Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) «Азаттыктын» журналисттери тууралуу айткандары далилсиз деп эсептейт жана аны айыптайт. Бул тууралуу бирикменин төрагасы Азамат Касыбеков билдирди.

«Жалпыга маалымдоо каражаттарына карата тергөөнүн мындай шашылыш тыянагы таң калыштуу. Күч түзүмдөрүнүн бул кадамы юридикалык гана эмес, моралдык да суроолорду жаратууда. «Азаттыктын», «Kloop» маалымат агенттигинин журналисттери «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) менен бирге бажы органындагы тамырлашкан коррупцияны ашкерелеп, чоң жумуш жасашты. Алар бардык кесиптик, этикалык, укуктук эрежелерди сакташкан. Андыктан укук коргоо органдарын да Баш мыйзамды сактоого, сөз эркиндигин коргоого чакырабыз», - деди Касыбеков.

2-июнда Кытайдын жараны Айеркен Саймаитиге байланышкан маалыматтарды иликтөө боюнча Жогорку Кеңеште түзүлгөн убактылуу комиссиянын кезектеги отуруму өткөн. Анда Саймаитинин иши боюнча тергөө жүргүзүп жаткан УКМКнын Тергөө башкармалыгынын башчысы Сагынбек Самидин уулу «Кытайдын жараны Айеркен Саймаити «Азаттыктын» журналисттерине финансылык каражат берген» деген көрсөтмөлөр болгонун билдирген. «Айеркен Саймаитинин «Азаттыктын» журналистине акча бергенин өзүнөн укканбыз» деген эки күбөнүн видео көрсөтмөсү көрсөтүлгөн.

УКМКнын бул аракетин Жогорку Кеңештин айрым депутаттары, жарандык активисттер айыптап чыгышты.

Ал эми «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай "Азаттыктын" кабарчысы акча алган» деген маалыматты «журналисттерди каралоо» деп баалаган. (NT)

XS
SM
MD
LG