6-июнда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 22…27;
Талас жергесинде түнкүсүн 11...16, күндүз 21…26;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 18…23;
Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 18…23;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8 градус болот.
Бишкекте маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 25…27 градус болот.