Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:27

«Фейсбук» мамлекет көзөмөлдөгөн ЖМКнын билдирүүлөрүнө белги коёт


Бир жыл мурун «Фейсбук» социалдык тармагы жалган маалымат таратууга каршы чараларды жарыялаган.
Бир жыл мурун «Фейсбук» социалдык тармагы жалган маалымат таратууга каршы чараларды жарыялаган.

«Фейсбук» социалдык тармагы мамлекет көзөмөлдөгөн жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) билдирүүлөрүнө, аларга таандык топторго атайын белги коё баштайт. Алардын катарында орусиялык RT телеканалы, кытайлык CCTV телеканалы, «Синьхуа» маалымат агенттиги жана Кытайдын Коммунисттик партиясынын расмий гезити «Женьминь жибао», Ирандагы мамлекеттик телеканал жана башкалар бар.

Аталган компания жыл аягында АКШдагы президенттик шайлоо маалында мындай ЖМКлардын америкалык жарандарга багытталган жарнамалык материалдарына тыюу салынарын билдирди. «Фейсбук» анын мындай саясатына макул болбогондор доо арыз менен кайрылып, териштире аларын айтты.

Бир жыл мурун «Фейсбук» социалдык тармагы жалган маалымат таратууга каршы чараларды жарыялаган. Ага ылайык, маселен добуш бербөө тууралуу чакырыктарды жайылтууга болбойт.

Мындай чаралардын башкы максаты - АКШда 2020-жылдагы президенттик шайлоо убагында жана эл каттоо өнөктүгү учурунда ар кандай будамайлап-бурмалоого жол бербөө болуп саналары айтылган.

Эки жыл мурда «Фейсбук» шайлоого, добуш берүүгө байланыштуу жалган маалымат камтылган жарнамалык материалдарды, билдирүүлөрдү жарыялоого тыюу салган.

Бул социалдык тармак АКШда 2016-жылы президенттик шайлоо убагында жалган, такталбаган маалыматтардын тарап кеткенин тыя албаганына, жетиштүү чара көрбөгөнүнө байланыштуу сынга кабылган.

XS
SM
MD
LG