Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:55

Чек арада омурткасына ок тийген кыргыз жоокери дарылануусун Москвада улантууда


12-майда ооруканада чек арачылардан президент Сооронбай Жээнбеков кабар алган учурда тартылган сүрөт.
12-майда ооруканада чек арачылардан президент Сооронбай Жээнбеков кабар алган учурда тартылган сүрөт.

Кыргыз-тажик чек арасында 8-майда жарадар болгон кыргызстандык жоокер Султанбек уулу Мирбек дарылануусун Москвада улантууда. Бул тууралуу 5-июнда «Азаттыкка» Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, жоокерди Орусияга 30-майда алып кетишкен. Ал азыр Москванын клиникаларынын биринде жатат.

Мамлекеттик чек ара кызматынын 8-майда Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда жарадар болгон үч жоокери - Султанбек уулу Мирбек, Абдисаит уулу Манас жана Турдубай уулу Чыңгыз 10-майда атайын тик учак менен Бишкекке Улуттук госпиталга жеткирилген.

Көкүрөгүнө ок тийген эки чек арачы абалы жакшы болуп калгандыктан ооруканадан чыгарылган.

Ал эми омурткасына ок тийген Султанбек уулу Мирбекке алгач Баткенде, экинчи жолу Бишкекке келгенде ичегисине операция жасалган.

Тажик тарап бул окуядан эки жараны жарадар болгонун билдирген.

14-майда жарадар жоокердин туугандары аны Орусиядан дарылатууну суранып жатышканы парламентте айтылган.

Саламаттык сактоо министрлиги 19-майда академик Миталип Мамытовдин катышуусунда Орусиянын Бурденко атындагы Нейрохирургия борборунун адистери менен онлайн консилиум өткөргөндөн кийин жоокерди дарылоо ыкмасы өзгөртүлгөнүн 22-майда кабарлаган. (RK)

XS
SM
MD
LG