Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:25

Түптө каналга түшүп кеткен наристенин сөөгү табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунда үч жашар наристе сууга агып кетип, чарчап калды. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты.

Маалыматка караганда, кырсык 5-июнга караган түнү Чоң-Тогузбай айылында болгон. Бала көчөдө ойноп жүрүп, үйдүн жанындагы каналга түшүп кеткен.

Наристенин сөөгүн айыл тургундары эртең менен таап чыгышты.

Ысык-Көл облусунда быйыл жыл башынан бери эки чоң киши жана бир кичине бала сууга чөгүп каза болду.

Республика боюнча быйыл алты айда 21 адам сууга чөгүп кетти, алардын бешөө 12 жашка чыга электер. Былтыркы жылдын биринчи жарымында бул көрсөткүч 34 адам болчу. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. (KS)

XS
SM
MD
LG